Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинанын президентинин кеңсеси акыркы алты айдын ичинде биринчи жолу туткундарды алмашуу болгонун жарыялашты.
Москва Украинадагы согушка тартылган 248 аскери, ал эми расмий Киев 230 киши мекенине кайтарылганын, анын ичинде алты адам карапайым тургундар экенин билдирди.
Орусия Украинага өткөрүп берген туткундардын арасында 2022-жылы Мариуполду коргоого катышкан аскерлер да бар экени кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, туткундар Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен алмашылды. Москва менен Киев туткундарды акыркы жолу 2023-жылы 7-августта алмашкан.
Киевдин маалыматына караганда, 2023-жылдын ноябрына карата Орусиянын туткунунда 4337 адам болгон - 3574 аскер жана 763 жай тургун. Донецк облусунун Орусия аннексиялап алган аймагынын “жетекчиси” Денис Пушилин былтыр октябрда Украина орусиялык 500дөй аскерди туткунда кармап жатканын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Жалал-Абадда газдын жоктугунан жаңы автобустар каттамга чыкпай калдыИрандагы жардырууларда каза тапкандар 100дөн ашты Чүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илдиАлматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти кармалдыПольша Украинага узак аралыктагы ракеталарды берүүгө чакырды