Москвадагы казак коомунун башчысы Полат Жамаловго армия тууралуу “фейк” маалымат тараткан деген кине менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Верстка” басылмасы Орусиянын тергөө комитетинин жашыруун баяндамасына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Жамаловго каршы кылмыш иши былтыр сентябрда козголгон. ТАСС агенттиги өз булактарына таянып, билдирүүнү ырастады.
Буга Жамаловдун Фейсбукка жазган билдирүүсү түрткү болгон. Ал өз постуна 2022-жылдын августуна карата Украинада 48 миңдей жоокер өлгөнү тууралуу документти чаптап койгон.
Андан тышкары 2022-жылы Казакстандагы Январь окуяларынын маалында орус армиясынын өлкөгө киргизилишин сынга алып, оккупация деп атаган.
"Коммерсант" басылмасы жазгандай, Орусияда 2023-жылдын биринчи жарымында армия тууралуу "фейк" маалымат тараткан деген айып менен 21 киши соттолду. Алардын сегизи эркинен ажыратылып, үчөө шарттуу кесилип, он адамга айып пул салынган.
Дагы караңыз
Ирандагы кош жардырууда 70тен көп кишинин өмүрү кыйылдыАлматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти кармалды3-январь: Туу кайрадан талкууга түштү, ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлдү