Кыргызстанда 96 күрөөкананын иши убактылуу токтотулду

Кыргызстандагы күрөөканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргызстанда 96 күрөөкананын ишин 90 күнгө убактылуу токтотту. Тиешелүү токтом 29-декабрда чыккан. Ломбарддардын лицензиясы эмне себептен токтотулганы жазылган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып күрөөканалар маселесине токтолгон. Ал Кыргызстанда чоң үстөк пайыз менен акча берген күрөөканалардын ишин “элди тоноо” деп мүнөздөгөн. Ал бир нече күрөөкананы атап, эгер үстөгү 30% ашса, лицензиясын кайтарып алып, кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүлөрүн айткан.

Бул билдирүүдөн кийин Кыргызстандагы ондогон күрөөканалар текшерилди. Алардын көбү жылдык пайыздык ченди төмөндөткөнүн жарыялаган.

14-декабрда Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда күрөөканалардын үстөк пайызын чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев күрөөканалардын үстөк пайызына эч кандай чектөө жок болгондуктан, каалагандай коюп жатканын, мыйзам кабыл алынса, күрөөканалар жылына 32% көп үстөк коё албай турганын билдирген.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында 440тан ашуун күрөөкана бар. 2023-жылдын 11 айында ломбарддардан 70 миллион, 2022-жылы 25 миллион 463 миң сом салык түшкөн. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Нарматованын арызы боюнча кылмыш иши козголгон жокАба ырайы: 4-январда күн ачык болотОрунбеков ЖК кабыл алган туу эмнеге өзгөртүлгөнүнө комментарий берди2023-жылы 146 миңден ашык балага сүйүнчү берилдиХАМАСтын лидеринин орун басары жок кылынганы кабарландыАбактагы активист Исаковдун иши сотко өткөнү белгилүү болдуСадыр Жапаров Жапониянын жетекчилерине көңүл айтты