ТИМ Казакстанда бармак изин тапшыруу мыйзамы күчүнө киргенин билдирди

Казакстандын борбору Астана.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда “Манжа изи жана геномдук каттоо жөнүндө” мыйзамынын бармак изин каттоого тиешелүү жоболору күчүнө киргенин билдирди.

Мекеменин маалыматында, 1-январдан тартып 16 жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда белгиленген учурда бармак изин тапшырууга милдеттүү.

Казакстанда туруктуу жана убактылуу жашоого уруксат алууда, Казакстандын визасын, башпаанек, качкындын күбөлүгүн алуу үчүн бармак изин бериши керек. Бармак изин каттоодон өткөрүүдө чет өлкөлүктүн же жарандыгы жок адамдын тек-жайын ырастаган документи болушу зарыл. Мындай каттоо миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Бармак изин милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүдөн баш тарткандар Казакстандан чыгарылат. Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарын Казакстандын мыйзамдарын сактоону сунуштады.

Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусия менен Казакстанда. (BTo)

Дагы караңыз

Пакистанда оппозиция шайлоо алдында кысымга кабылганын айтып чыктыИзраил геноцид тууралуу айыптоодон БУУ сотунда коргонорун билдирдиИзраилдин Жогорку соту соттук реформа мыйзамын жокко чыгарды2023-жылы Путиндин жарлыктарынын жарымы жашыруун болдуЖапонияда учак кырсыгынан беш өмүр кыйылдыЖапонияда жүргүнчү ташыган учак өрттөндүБишкектеги "эмгек биржасында" иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду