Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

Израилдин Жогорку соту соттук реформа мыйзамын жокко чыгарды


Израил. Соттук реформага каршы акция. 2023-жылдын июль айы.
Израил. Соттук реформага каршы акция. 2023-жылдын июль айы.

Израилдин Жогорку соту премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү кабыл алууга аракет кылып келаткан, парламентте жактырылган соттук реформа тууралуу мыйзам Конституцияга каршы келет деген бүтүм чыгарды. 1-январда кабыл алынган чечим менен аталган соттун ыйгарым укуктарын кыйла чектеген мыйзамдын өзү мыйзамсыз деп табылды.

Жогорку соттун өлкөнүн мыйзам чыгаруу же аткаруу бийлигинде сунуш кылынган кайсы бир мыйзамдын кабыл алынышына «Конституцияга каршы келет» деген негизде бөгөт коюу укугун чектеген мыйзам парламентте былтыр 24-июлда жактырылган. Мындай соттук реформа израил коомчулугунда карама-каршылык жараткан.

Серепчилердин белгилешинче, эгер өкмөт Жогорку соттун азыркы чечимине баш ийбей турган болсо, өлкөдө конституциялык кризис жаралышы ыктымал.

Реформаны колдогондор Кнессеттеги демократиялык жол менен шайланган көпчүлүк депутаттардын чечимдерин шайлоо эмес, дайындоо жолу менен барган судьялар бөгөттөшүнө чекит коюларын айтышкан. Ал эми реформаны сындагандар соттун ыйгарым укуктары — бийликтеги тең салмактуулук системасынын бирден бир маанилүү элементи экенин жүйө келтирип, алар израилдик либералдык демократиянын автократияга айланышына жол бербей турган күч экенин белгилешкен.

Жогорку соттун билдирүүсүндө «Эгер мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, Израилдин демократиялык мамлекет катары мүнөздөп турган негизги өзгөчөлүктөрүнө оор жана болуп көрбөгөндөй залака тиери» айтылды.

Добуш берүүгө Жогорку соттун 15 судьясы толук катышты, алардын сегизи мыйзамды жокко чыгаруу сунушун колдоп добуш беришти, калгандары каршы болушту.

Нетаньяхунун сот реформасына каршы акциялар бир нече ай уланды, айрым жерлерде нааразылык иш таштоо менен коштолду.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө аскердик кызматка чакырылгандар арасынан жүздөгөн адам армияга баруудан баш тарткан. Мындай жагдай реформа эл ичине бүлүк салып, ЦАХАЛдын (Израил армиясы) күжүрмөн даярдыгына терс таасирин тийгизет деген кооптонуу жаралган. (RK)

XS
SM
MD
LG