2023-жылы Путиндин жарлыктарынын жарымы жашыруун болду

Владимир Путин. 2023-жылдын декабры.

Өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон жарлыктардын дээрлик жарымы жашыруун болгонун "Медиазона" басылмасы эсептеп чыкты. Бүгүн 2-январда чыккан макалада айтылгандай, басылманын кабарчылары Кремлдин сайтына жарыяланган расмий маалыматтарга таянып эсептеп чыгышкандай, жарлыктардын 49,5% жашыруун болуп, тарыхый чекке жетти.

Буга чейинки тарыхый рекорд 2001-жылы – Экинчи чечен согушу алоолонуп турган кезде коюлган, анда Орусияда президенттин жарлыктарынын 47% жашыруун болгон.

"Медиазона" белгилегендей, жарлыктарга жашыруун деген макам адатта аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырганда, чабуул коюучу отрядга кошулуу үчүн абактан бошонгон адамдарга мунапыс бергенде ыйгарылат.

Соңку эки жылда мурда адам өлтүргөнү үчүн абакта отурган кеминде 17 кишиге мунапыс берилген, алардын баары Украинга каршы согушка катышып, үйүнө кайтып барган. (RK)

Дагы караңыз

Жапонияда учак кырсыгынан беш өмүр кыйылдыИзраилдин Жогорку соту соттук реформа мыйзамын жокко чыгардыЖапонияда катуу зилзаладан кийин учак өрттөндүПрезиденттин сөзү блогерлерге эскертүүбү?