Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Президенттин сөзү блогерлерге эскертүүбү?


Бишкекте өткөн акциялардын биринде тартылган сүрөт.
Бишкекте өткөн акциялардын биринде тартылган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда кыргызстандыктар ашыкча саясатташып кеткенин билдирди. Айрымдар муну сөз эркиндигине коркунуч катары баалашты.

Оппозиция жана жарандык коом Кыргызстанда адам укугунун жана сөз эркиндигинин абалы өтө начарлап кетти деген пикирде.

Президент Садыр Жапаров жаңы жыл түнү куттуктоосун лыжа базасында айтты. Ал Кыргызстандын өткөн жылдагы бир катар жетишкендиктерин санап келип, ошол эле учурда коомду "артка тарткан көрүнүштөргө" да токтолду.

Соңку 30 жылдык тарыхта жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, эл мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кеткенин, коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандар катмары пайда болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар бар. Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат. 30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз. Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу”,- деп билдирген президент.

Жапаров жарандарды маданиятты көтөрүүгө жана билимди арттырууга үндөдү.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсүн айрымдар сөз эркиндигине коркунуч катары баалашты. Алар мындан кийин социалдык тармактарда өз оюн айткандарга чабуул күчөшү ыктымал деп кооптонушат.

Юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман Фейсбук баракчасына "президенттин кайрылуусу блогерлерге эскертүү" деген пикирин жазды.

"Президенттин жаңы жылдык куттуктоосундагы негизги мессеж блогерлер тууралуу болду деп ойлойм. Блогерлер деп айтылып, доомат коюлуп, өз менталитетибизге кайтуу керектиги белгиленди. Бул деген сөз, мындан ары сын айткан блогерлер жоопко тартыла баштайт дегенди билдирет.
Мамлекеттик кызматтарды ээлеп туруп, чала блогерче тантырап, элдин кыжырына тийип, эл сыймыктанган атуулдарды "бузуку" деп атагандарга тиешелүү эмес. Тескерисинче, ошолордун көрсөтмөсү окшойт, андайлар өздөрүн сынга алгандарды каматууга шашылууда.
Фейсбукта сын айтууга тыюу киргизилди деп эсептей бергиле. Бирок мактоо, кошомат айтуу - ал сөз эркиндиги.
Белди бекем бууп, оозду жабайлы демекчимин...".

Жоробековдун апасынын кайрылуусу

Бишкекте бир катар мамлекеттик имараттарда, борбордук аянтарда митинг өткөрүүгө тыюу салынганына эки жылдан ашты. Өткөн жылы бир нече аймакта тынч акцияларга дагы чектөө киргизилди. Мындан улам кандайдыр бир акция өткөрүүгө чакыргандар камакка алынып же суралган учурлар соңку жылдары көп катталууда.

Алсак, жыл соңунда мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүнө каршы чыгып, 9-декабрда Бишкектеги Горький паркында тынчтык митингин өткөрүүнү демилгелеген активист Афтандил Жоробеков кармалган.

Күч органдары аны 7-декабрда кармап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жарандык активистти эки айга камакка алуу токтомун чыгарган.

30-декабрда жарандык активист Афтандил Жоробековдун апасы Бегайым Аккулова уулун бошотуу талабы менен бийликке кайрылды. Анын видеокайрылуусу социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырылган.

Аккулова уулу айрым мамлекеттик чиновниктер сыяктуу бюджетке колун салып, тендерлер аркылуу жеп-ичпеген, таза жаран экенин айткан.

“Менин уулумду ушул жылдын 7-декабрында “сен туунун өзгөрүшүнө каршы мыйзамсыз акция өткөрүп жатасың” деп камап коюшту. Бирок, Афтандил мыйзам талаасында уруксат берилген Горький сейил багында тынч чогулуштарды өткөрүүгө уруксат сурап, мэрияга кат жөнөтпөдү беле? Ошол уруксаттар кайда кетти? Ошол күнү Афтандилди 24 саатка камап коюшуп, андан кийин үйгө органдын адамдары келип аябай чоң тинтүү жүргүзүшкөн. Анын үй оокаттарына тиешелүү бүт электрондук буюмдарын – ноутбук, компьютер, уюлдук телефондорун жана карталарын – өзүнө тиешелүү бүт документ-кагаздарын алып барышып, чоң сумманы чыгарышып, баламды чоң кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылышты. Бул уят да! Мынчалыкка барбашыңар керек эле. Азыр Кыргызстанда канчалаган кылмышкерлер жашап жатышпайбы? Мыйзамсыз тендерлерди өткөзүп, акчаны уурдашып, жерлерди сатып, үйлөрдү куруп канчалаган чиновниктер ээн-эркин сайрандап жүрүшпөйбү? Менин уулум тендерге катыштыбы же жер саттыбы? Мыйзамсыз кандай иштерди кылды? Мамлекетке зыян келтирдиби? Мамлекетке бир тыйын зыян да келтиирген жок, эч кандай күнөөсү жок балам азыр камалып отурат”, - деген Бегайым Аккулова.

Жергиликтүү укук когоочулар жана Human Rights Watch өңдүү эл аралык уюмдар Афтандил Жоробековго каршы кылмыш ишин козгоо анын сөз эркиндиги жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү жаатындагы укуктарын одоно бузуп жатканын билдирип келет.

"Бийликти сындоо жана тынч жыйындарга чакыруу - массалык башаламандык уюштуруу болуп саналбайт жана, албетте, бул кылмыш эмес. Ал бийликтин демилгесине каршы тынч жыйынга чакырганы - пикир айтуунун корголгон формасы. Кыргызстандын бийлиги Жоробековго каршы осол (абсурд) ишти токтотуп, анын сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чыгуу укугун коргоп бериши керек", - деп билдирген Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Оппозициянын сыны, бийликтин рейтинги

Жыл жаңырардын алдында, 30-декабрда мамлекетте Адам укугунун абалы начарлап кеткенин абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков да айтып чыкты. Анын Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылган билдирүүсүндө Кыргызстан "полициялык өлкөгө" айланганы жазылган.

"2023-жылы тынч чогулууларга толугу менен тыюу салынды. Бийлике сын айткандар, бийлике жакпаган темаларды көтөргөндөр массалык түрдө камалышты. Кыргызстан УКМК башкарган полициялык өлкөгө айланды. Системалуу эмес, көчө оппозициясы 2022-жылы камакка алынса, бул жылы парламенттик, системалуу оппозиция УКМКнын түрмөсүнө түштү. Бийликке сын айткан, эгемендүү журналисттерди куугунтуктоо, кодулоо күчөдү. Клооп жабылды. Бул жылы эркиндиктер муунтулду. Кыргызстан кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди. Эркиндиги жок улут эртели-кеч баарынан ажырайт. Улуттун ийгилиги болбойт. Автократтарга гана жем болот".

Равшан Жээнбеков 2022-жылы октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршылыгын билдиргени үчүн камалган саясатчылардын бири. Учурда бул иш боюнча тергөө абагында 11 адам кармалып турат.

Буга чейин абактагылар сот иштери негизсиз созулуп жатканына бир нече жолу арызданган. Саясатчы билдирүүсүндө сотторго, укук коргоо органдарына ишенич аз экенин белгилеп, муну бардык эле изилдөөлөр көргөзүп жатканын айткан.

"Эл аралык “мыйзам үстөмдүгү” индексинин 2023-жылы изилдөөсүндө, Кыргызстандын көрсөткүчү дагы бир пунктка начарлап, 46дан 45ке түштү. Ал эми 2022-жылы 47ден 46га түшкөн. Абал кескин начарлоодо", - деген Равшан Жээнбеков.

Анткен менен жогорку бийлик өкүлдөрү Кыргызстан демократиялуу, адам укугу сакталган өлкө экенин кайталап келет. Аны менен бирге өлкөдө тартипти, коомдук коопсуздукту бузууга аракет кылгандар жазага тартыларын эскертет. Күч органдары саясатчы, активисттерге козголгон кылмыш иштери негиздүү экенин бир канча жолу айткан.

Өлкөдөгү адам укугу жаатында көз салган Акыйкатчы институту да ноябрь айында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, Кыргызстандагы адам укугунун корголушу жакшырып жатканын жарыялады. Акыйкатчы институту түзгөн индексте тынч жыйындарга чогулуу жана сөз эркиндиги бар дегендер 47-49% түзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 10% гана бул жаатта "эркиндик жок, абал начар" деп баа беришкен.

Декабрь айынын соңунда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Коомду изилдөө борбору социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады.

Анда президент Садыр Жапаров 48,2% добуш алып "жылдын мыкты адамы" болгон. Сурамжылангандардын 29,8% УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди атаган. Андан кийин орундарда саясатчылардан Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо, Эрулан Көкүлов жана Нуржигит Кадырбеков турат.

Садыр Жапаровдун саясий багыты тууралуу да суроо берилип, анда 34,6% “толук колдорун” жана 44,2% “колдошу мүмкүндүгүн” билдирген. Катышкандардын 7,8% “колдобошу ыктымалдыгын”, 4,4% “таптакыр колдобой турганын” айткан.

Ал эми эл аралык уюмдар эмне дейт? Декабрь айында Civicus Monitor жарандык коом альянсы Кыргызстанды "жарандардын эркиндиги тушалган", "репрессиячыл" өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Ноябрь айынын башында Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, анда бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.

Freedom House эл аралык уюму 2023-жылы март айында өз изилдөөсүн жарыялаган. Анда Кыргызстандын абалы 150-позицияда көрсөтүлөт. Ал эми адам эркиндигинин индекси боюнча 2022-жылы Кыргызстан 87-орунду ээлеген. Ушул эле уюмдун демократиянын деңгээли тууралуу рейтингинде 116-орунда турат. Адам укугу багытындагы эл аралык уюмдар расмий Бишкектен активист, блогер, журналисттерге басымды токтотууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG