Жапонияда учак кырсыгынан беш өмүр кыйылды

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Жапонияда кырсыкка кабылган Жээк күзөт кызматына таандык учактын алты кишиден турган экипажынын бешөө мерт болгону, аны сүзгөн жүргүнчү ташыган учактын ичиндегилердин баары аман куткарылганы кабарланды.

Кырсык бүгүн 2-январда борбор шаар Токионун «Ханеда» эл аралык аэропортунда болгон.

Саппоро шаарынан учуп келип, аэропортко конуп жаткан Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы учуу-конуу тилкесинде учууга камданып турган Жээк күзөт кызматынын учагын сүзө кеткен.

Эки учакты жалындаган өрт каптаган.

Жээк күзөт кызматынын учагы жер титирөөдөн жабыркаган Нигата шаарына жардам жеткирүүгө камданып жатканы белгилүү болду. Ичиндеги экипаждын беш мүчөсү каза тапты, алтынчысы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Ал эми Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы Токиого Саппоро шаарынан 379 жүргүнчүнү алып келген.

«Ханеда» — Жапониянын жүргүнчү эң көп каттаган аэропортторунун бири. Жаңы жылдык майрам күндөрү анда эл абдан көп болот.

Бул окуя Жапонияда 1-январдагы элүү чакты адамдын өмүрү кыйылган катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери жүрүп, жер дагы катуу силкиниши ыктымал деген кооптонуу күчөп турган чакта болду. (RK)

Дагы караңыз

Израилдин Жогорку соту соттук реформа мыйзамын жокко чыгардыЖапонияда катуу зилзаладан кийин учак өрттөндүПрезиденттин сөзү блогерлерге эскертүүбү? Кыргыз спорту: Айсулуунун ооматы, "Барселона" ачкан академия