Израил Газанын түндүгүндө согуштук аракеттерин азайтууга өттү

Газа сектору.

Израилдин аскерлеринин бир бөлүгүн Газа секторунан алып чыгуу тууралуу чечими бул анклавдын түндүгүндө согуштук аракеттерин азайтууга өткөнүнөн кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу бүгүн 2-январда америкалык администрация өкүлдөрүнө таянып Reuters агенттиги билдирди.

1-январда Израил Газанын айрым райондорунан танктарын чыгарып кеткен. Бирок, жергиликтүү тургундардын маалымдашынча, башка райондордо бомбалоо, атышуу уланууда.

АКШ президенти Жо Байден вице-президент Камала Харрис менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку окуяларды талкуулады.

«Түндүктөгү операция азая баштаганы байкалууда. Муну биз колдойбуз», — деген өкүл соңку өзгөрүү израилдик жоокерлердин ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) аскердик потенциалык жок кылуудагы ийгилигинен кабар берерин, бирок түштүктөгү тактика өзгөрүүсүз турганын белгиледи.

23-декабрда Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Газа секторундагы аскердик операцияны талкуулап, жай тургундарды коргоо жана ХАМАСтын барымтасында тургандарды бошотуу зарылчылыгын айткан.

АКШ Израилдин башкы союздашы катары бул өлкөнү колдоп, бирок ошол эле учурда Газада курчуп бараткан гуманитардык кризиске, жай тургундардын каза болуп жатышына байланыштуу камтамасын билдирип келет.

Буга чейин Кошмо Штаттардын расмий адамдары Израилди Газадагы аскердик операциясын басаңдатууга, бутага ХАМАСтын жетекчилигин жана инфраструктурасын гана алууга чакырган.

Израилдик аскерлердин айтымында, согуштун жаңы фазасы бир нече айга созулушу ыктымал жана «тазалоо» локалдуу негизде уланат, Газадан чыгарылган аскерлер түндүк тараптагы Иран колдогон ливандык «Хезболла» радикал тобуна каршы күрөштү күчөтүүгө шарт түзөт.

Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 21 978 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (RK)

Дагы караңыз

2023-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан 392,4 млн сом айыппул чогулганМаданиятка жеткен камоолор, тууга кошок жана жылаңач чындыкБУУда Газа боюнча резолюцияны кароо кайрадан башка күнгө калдыБУУнун Газа боюнча резолюциясында гумжардам тууралуу гана сөз болору кабарланды