Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

БУУда Газа боюнча резолюцияны кароо кайрадан башка күнгө калды


БУУ. Архивдик сүрөт.
БУУ. Архивдик сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде Газа боюнча резолюция кабыл алуу маселеси кайрадан ачык бойдон калды. 20-декабрдагы отурумда да добуш берүү болгон жок.

Маселени башка күнү кароо тууралуу чечимдин кабыл алынышына АКШ макул боло тургандай шарттар табыла электиги себеп болду.

Учурда дипломаттар Газа секторуна гуманитардык жардамды көбөйтүүгө багытталганы айтылып жаткан бул резолюцияда Кошмо Штаттардын да талабы камтыла тургандай компромисстик жолдорду издеп жатышканы маалымдалды.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын соңку маалыматы боюнча, Израилдин аскердик соккуларынан бул анклавдын калкынын жарымы жабыркап жатат.

Кырдаалды жөнгө салуу максатында БУУда араб өлкөлөрүнүн кеңешинин өкүлү катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) резолюция иштеп чыгып, сунуш кылган. Бул өлкө аталган документ боюнча сүйлөшүүлөрдү да жетектөөдө.

«Кошумча дипломатиялык аракеттер үчүн бир аз болсо да мейкиндиктин пайда болушу жакшы натыйжа бериши мүмкүн», – деп билдирди БАЭнин БУУдагы элчиси Лана Нуссейбех.

Резолюция 9-декабрда добуш берүүгө чыгарылганда жалгыз АКШ гана каршы чыгып, вето койгон, 13 өлкө, анын ичинде Орусия, Кытай, Франция макул деген добушун берген, Улуу Британия добуш берүүдөн карманган.

Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Роберт Вуд анын текстинде тең салмактуулук жоктугун, реалдуулуктан алыс экенин, эгер ошондой мазмунда кабыл алына турган болсо ХАМАСка (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) гана ыңгайлуу шарт түзүп берерин айткан жана «Коопсуздук Кеңеши ХАМАСты 7-октябрдагы террордук чабуулу, сексуалдук зомбулугу жана башка дагы олуттуу кылмыштары үчүн айыптабай жатышы өтө чоң адеп-ахлактык кемчилик болуп эсептелет» деп белгилеген.

Израил дагы, анын өнөктөшү АКШ дагы эгер аскердик операция чукул арада таптакыр токтотулса ХАМАСка кайрадан күч топтоп, кол салууларын улантууга мүмкүнчүлүк берет деген көз карашын айтып келе жатышат. Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

Жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери, Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG