Жаңы жыл түнү Санкт-Петербургда 3 миңдей мигрант кармалды

Санкт-Петербургдагы борбордук аянт. 31-декабрь, 2023-жыл.

Жыл тогошкон түндө Санкт-Петербург шаарында 3 миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилгенин жергиликтүү "Фонтанка" басылмасы жазды. Текшерүү учурунда 600дөн ашык мигранттын документтеринде мүчүлүштүктөр болгону кабарланды. Жүздөн ашык мигрант Орусиядан депортацияланмакчы.

Петербургдун борборунда Жаңы жылдык шаан-шөкөттөр болгон жок. Майрамдык иш-чаралар 30-декабрда Белгороддо 25 адамдын өлүмү менен коштолгон кандуу окуядан улам токтотулган.

Мигранттарды жапырт кармоо Москвада да болгонун SOTA басылмасы жазды. Канча киши кармалганы белгисиз. Москвада жыл жаңырган түнү Кызыл аянт жабык болду.

Челябинск облусунда бир нече мигрантка кылмыш иши козголду. Тергөө комитети алар "атайын аскердик операциянын" (Украинадагы согуштун расмий аталышы) катышуучуларына кол салганын билдирүүдө. Полициянын маалымдашынча, жаңы жыл түнү бир нече мигрант Украинадагы согуштан кайтып келген эки аскер менен мушташкан.

Телеграм-каналдарда он чакты кишинин мушташы тартылган видеолор жарыяланып, үч киши - бири жашы жете элек бала кармалганы кабарланды.

Орусияда акыркы айларда күч алган мигранттарды жапырт кармоолордо орус жарандыгы барлар аскер комиссариаттарына жиберилип жатканы маалым болгон.

Дагы караңыз

ККМ, темир жол долбоору жана создуккан сот иштери Жапонияда цунами коркунучунан улам калкты эвакуациялоо башталдыБишкекте башкы аянтка жаңы туу илинди 2024: Дүйнөдө шайлоо жана популисттер жылы“Талибан” Ооганстандагы чабуулдар үчүн тажик жарандарын айыптады