Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

ККМ, темир жол долбоору жана создуккан сот иштери


Osh - Kara-Suu - Kara suu bazar - kara suu market - protest action against cash register machine - tax policy - 29 11 23
Osh - Kara-Suu - Kara suu bazar - kara suu market - protest action against cash register machine - tax policy - 29 11 23

Кыргыз бийлиги жаңырган жылда ири долбоорлор ишке ашарын, экономикада көрсөткүчтөр жакшырарын айтууда. Президент Садыр Жапаров өлкө эгемендик алгандан бери "баш ооруга" айланып, бир нече жаңжалга себеп болгон кыргыз-тажик чек арасы толук такталарын убада кылды.

Бийликтин мындай оптимисттик пландарына карабай, жаңы жылда бир катар чечилбеген маселе, сыноолор турат. Алардын арасында Кемпир-Абад иши, салык реформасын аягына чыгаруу, оппозиция менен мамиле, буга чейин убада кылган ири долбоорлорду аягына чыгаруу бар. 2024-жылы Кыргызстанды эмнелер күтүп турат?

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо аяктоо алдында

2024-жылдагы маанилүү чечимдердин бири кыргыз-тажик чек арасын тактоо болуп турат. Президент Садыр Жапаров баш болуп бийликтегилер узаган жылда Тажикстандын жетекчилиги менен бул маселеде мунаса табылганын, жаз айларына чейин толук такталып калышы мүмкүн экенин билдирип келет.

"Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия тынымсыз иштеп жатат. Кудай буйруса, чек арабыз чечилип, Борбор Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет. Мен жазга чейин барып бүтөбүз деп ойлоп жатам", - деп президент Жапаров былтыр 11-декабрда Баткен облусуна болгон сапарында эл менен жолугушуу учурунда айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен жолугушкандан кийинки биргелешкен билдирүүдө тараптар чек араны тактоодогу “принципиалдуу маселелер” боюнча орток пикир табылганын, чек аранын 90% макулдашылганын айткан.

Ташиевдин сөзүнө таянсак, Лейлек району дээрлик толугу менен, Баткендеги Карабак, Лаккон аймагы жана Өзбекстан, Тажикстан менен бириккен жерде такташуу аяктаганын айтууга болот. Ошондо эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Төрт-Көчө аймагы, Ворух-Хожа-Аьло жолу жана ушунун тегерегиндеги маселелер калган.

Соңку жылдары кескин курчуп, бир нече жолу адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдарга себеп болгон кыргыз-тажик чек арасын тактоо абдан маанилүү. Эгер ал ишке ашса, стратегиялык чечимдердин бири болот.

Бирок эки өлкөнүн бийлиги утур-утур бир нече чакырып чек ара такталганын жарыялаганы менен, тигил же бул тилкелер кандайча такталганы, "шахмат түрүндө" жайгашкан айылдардагы талаштуу аймактар кандай чечилгени боюнча кеңири маалымат бериле элек.

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Токон Мамытов чек арада тараптар мунаса таба элек 10% аймак Төрт-Көчө жана Ворухтун айланасында экенин айтууда:

“Кыргыз өкмөтү Төрт-Көчө менен Ворухка кеткен жолду бирге байлап, чечкенге аракет кылып жатат. Бул туура чечим болушу керек. Жеке эле бизге болсун дебей, эки тарапка тең пайдалуу болгон чечимге келишсе керек. Бул вариант мурун да 3-4 варианттын арасында болгон. Азыр ошону толуктап, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске алып, “силерге ушундай жол берели, бизге ушундай шарт түзүлсүн” деген мунасаны табышса, эл да туура кабыл алат”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда, жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Андан кийин жумушчу топтордун протоколдору мунаса табылган жерлердин аянтын улам кеңейтип келүүдө.

Тажикстан менен чек араны тактоо кыргыз бийлиги үчүн дагы бир сыноо болгону турат. Анын үстүнө чек ара комиссиялары кабыл алган чечимди жергиликтүү тургундар кандай кабыл алары белгисиз. Кыргыз бийлиги бул маселеде өз позициясына катуу турарын бир жыл мурдагы кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу окуялар, Кемпир-Абад иши көрсөттү. Бул жөнүндө дагы сөз кылабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кандай чечим кабыл алынбасын, коомчулуктун да пикири эске алынышы керектигин белгилейт:

“Андай болбойт деп ишенем. Бул өзүнчө туңгуюк абал болуп калды. Азыр камалды, айыптап андан ары соттоп салуу кыйын. Бошотолу десе, башкача жагдай. Маселе эч ким камакка түшпөй, жакындарынан ажырабай, жакшы чечилсе экен деген тилек. Айрыкча Тажикстан менен чек араны тактоодо өтө кылдат болуп, узак мөөнөттүү тынчтыкка өбөлгө түзүү керек. Аны тактоо боюнча жумушчу топто жергиликтүү тургундар, уюмдардан да катышат деп ойлойм”.

Бийлик Тажикстан менен чек арасын тактоо ишин аягына чыгарса, Кыргызстан бардык коңшулар менен болгон чек ара маселесине чекит койгон болот. Бул маселе жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилесине да таасир этиши мүмкүн. Тажикстандагы Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин доктору, талдоочу Шакиржон Хакимов чек аранын такталышы аймактын коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи:

"Стратегиялык маанидеги долбоорлорду, айрыкча экономикалык-инвестициялык программаларды ишке ашыруу мамлекеттик чек араны такталышынан да көз каранды. Чек аранын такталышы эки өлкө үчүн эле эмес, аймак үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Азыркы учурда саясий институттар жана жарандык уюмдар да бул маселенин чечилишине кызыкдар болуп турат".

Соттук процесстер быйыл да уланат

Жогоруда белгиленгендей, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан жана үй камагында жүргөн 30га жакын саясатчы, активисттердин ишин кароо 2024-жылда уланат.

Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек араны такташып жаткан маалда алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан. Ички иштер министрлиги саясатчы, активисттерди 2022-жылы октябрда кармап, “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Тергөө иши узак созулуп, сегиз айдан кийин былтыр июнь айында сотко өткөн. Кылмыш ишине “жашыруун” гриф коюлуп, соттук отурумдар жабык өтүп келет.

Кармалгандардын 16сы үй камагына чыкса, 11и тергөө абагында отурат. Үй камагына чыккандар да өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер тууралуу мурдагыдай пикир билдирүүдөн карманып калышкан.

Ал арада Жогорку Кеңештеги жалгыз оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду Бишкек шаардык соту 9-февралга чейин абакта калтырды. Бийликке ачык сын айтып келген саясатчы 2-сентябрда кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилген. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Бул окуялар бийлик менен оппозициянын мамилесин оңдоо, жалпы коомдогу консенсус табуу аракети жараяндарга жаңырган жылы таасир этиши мүмкүн. Азырынча президент жана айланасы бул маселелерди өзүнүкүн бербей, позициясын өзгөртүүгө даяр экени байкалбайт. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова бийлик оппозицияга болгон көз карашын өзгөртүшү керек деп эсептейт.

“Оппозиция мамлекеттин душманы эмес, болгону башкача ойлонгон жарандар. Оппозиция мыйзамдарды бузбайт. Келерки жылы бийлик өзүнүн позициясын кайра карап чыгат деп ойлойм. Биз каалайбызбы, жокпу, оппозиция болот. Бул демейки көрүнүш. Өткөн жылы оор болду, өлкө тарыхында эң көп камоолор болду. Жаңы жылда мыйзам үстөмдүгү орноп, Баш мыйзамда эле жазылган бойдон калбай, иш жүзүндө да ал ченемдер ишке ашышы керек деп ойлойм. Баарыбыздын каалаганыбыз бир, максатыбыз бир. Күчтүү экономикасы бар өлкөнү куруу мыйзам үстөмдүгүнө негизделиши шарт”.

Бийликтин оппозицияга мамилеси жумшарабы?

“Азаттык” социалдык тармактарга пикирин билдирген, билдирүүлөрдү бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады. Алардын 25ине Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандык”, "бийликти күч менен басып алууга чакырыктар", "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу", “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренелери менен иш козголгон. Төрт киши суракка чакырылып, эскертүү алган.

Сот Бишкек шаарында тынч митингдерди өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтүн улам узартып келе жатат. Азыркы кезде тынч митинг-акцияларды борбор калаадагы Горький гүл багында гана өткөрүүгө уруксат бар.

Ушул окуялардын өнүгүшүн эске алганда, быйыл бийликтин оппозицияга, өзүнүн ишин сындагандарга карата мамилеси кандай болот деген суроо актуалдуу болуп турат. “Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту” фондунун жетекчиси Бакытбек Жумагулов Кыргызстанда бийлик бутактарында президент башкарган аткаруу бийлиги күчтөнүп, сот жана мыйзам чыгаруучу болгон Жогорку Кеңештин ролунда маселе пайда болуп жатканын, мындай көйгөй саясаттагы оппозицияга да мүнөздүү экенин белгиледи:

“Демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча иштер жасалышы керек. Бул иштер жасалып жатабы, белгисиз. Тескерисинче, бейөкмөт уюмдар, ЖМК жөнүндө мыйзам кабыл алуу процесси жүрүп жатат. Абактагы саясатчылардын маселеси да бар. 2024-жылы ушулар чоң көйгөйгө айланып, бара-бара көтөрүлө берет. Бийлик объективдүү, реалдуу диалог аянтчаларын түзүшү керек. Анда дооматтар фактылар менен айтылып, ачык талкуулар жүрүшү керек. Калганына эл тараза, эл сынчы. Баарын камап, отургуза берген Кыргызстандын тарыхында жакшы жыйынтыкка алып келген эмес.

Бийлик оппозиция менен диалогго барбай калса, радикалдуу иштер жүрүшү мүмкүн. Коомдун бугун чыгарып, маселе көтөрүлүп, бийлик ага реакция кылып турушу керек. Оппозиция элдин арасындагы көйгөйлөрдү, ойлонткон маселелерди көтөрүп турушу керек, бирок акыркы учурда андай болбой калды. Мындай көйгөйлөр улам чогула берет, аны эч ким айтпай калат. Бул топтолгон көйгөйлөр бийликтин рейтингине таасир берип, нааразылыктарды пайда кылат”.

Жогоруда айтылган бейөкмөт уюмдардын ишин татаалдата турганы айтылган “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр биринчи окууда кабыл алган. Экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров да бул мыйзамдын кабыл алынышын кубаттай турганын билдирген. Буга удаа эле президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, анан бул документти жеткире иштеп чыгуу үчүн медиа өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлгөн. Кийин топтун өкүлдөрү берилген сунуштар эске алынбай калганын айтып чыгышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдарды камтама кылган бул мыйзам долбоорлорунун тагдыры жаңы жылда чечилет.

Өкмөт ККМди базарларга киргизүүдөн кайра тартпайт

Министрлер кабинети Кыргызстандагы базарларга кассалык-көзөмөл машинелерди орнотуу талабын да быйыл июль айында киргизмей болгон. Жыл башынан тарта эле кире турган мындай талапты жарым жылга жылдырууну “Дордой” базарындагы соодагерлердин нааразылыгынан кийин президент Садыр Жапаров тапшырган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өкмөт бул чечимден баш тартпай турганын, базарларга ККМ аппаратын киргизүү баары бир ишке аша турганын “Азаттыкка” билдирди.

“Президенттин тапшырмасы менен гана патент системасы алты айга узарды. Биз ага чейин каттоону жүргүзүп, бул ишти пилоттук негизде аткара беребиз. Июль айынан баштап ККМ койбогондорго айып салына баштайт. Биз бул боюнча чечимди өзгөрткөн жокпуз”, - деди Амангелдиев.

Былтыр ноябрда Бишкектеги жана өлкө аймагындагы ири базарлардын соодагерлери кассалык-көзөмөл машиненин киришине каршылыгын билдирип, патент системасын калтырууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Өкмөт бул ыкма менен соодагерлердин соода жүгүртүүсүн ачык кылуу ниети бар экенин билдирсе, соодагерлер мындай салыктык талаптар алардын ишин татаалдата турганын жүйө келтиришкен. Ошентип базарларга ККМди киргизүү иши жарым жылга жылды.

5-декабрь, 2023-жыл. Дордой
5-декабрь, 2023-жыл. Дордой

Экономист Эрлан Камалов буларга токтолду:

“Базардан сырткары соода кылып жаткан ишкерлер ККМ аппараты менен иштеп жатканда, базардагы соодагерлерге өзгөчө салыктык режимди киргизүү туура эмес. Өкмөт базарлардан чоң резервдерди көрүп жатат. Ал жердеги туура эмес айланып жаткан акчаларды ачыкка чыгаруу үчүн ККМ керек. Алдыдагы алты айдын ичинде Салык кызматынын, базар администрациясынын, соодагерлердин ишиндеги кемчиликтерди жоюп, кийин бул системага шыр өтүп кетүүгө убакыт берилди деп ойлойм. Салык төлөөнү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өкмөт ушул жагын эсепке алып, алдыда башка социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү ушунун эсебинен жөнгө салууну көздөп жатса керек.”

Салык кызматы көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракетинин арты менен былтыр 11 айда 226 млрд сомго жакын салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулганын, бул сан былтыркы ушул мезгилден дээрлик 40 млрд сомго көп экенин маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин маяналары көбөйүп, мектеп, бала бакча сыяктуу объектилер бюджетке түшкөн каражаттардын өсүшү менен курулуп жатканын, алдыда ушул стратегия менен иштөөнү уланта турганын айтып, чоң жетишкендиктер болоруна ишендирип келет.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу өлкө экономикасы үчүн салык системасын жакшыртуудан да маанилүү иштер бар экенин айтты:

"Мамлекеттин негизги ролу - талаш-тартыш жаратпай так иштей турган эрежелерди аныктап берүү. Бул система иштегенде салык да түшөт, экономика да алдыга жылат. Ишкерлер үчүн негизгиси - мамлекеттин кепилдиги. Ишкерге мүлкү, акчасы, эркиндиги үчүн чочулабай тургандай шарт түзүлсө, эркин иштеп, мамлекетке да пайда берет. Бизде узак мөөнөттүү салык түшүп тура турган чечимдер жасалышы керек. Мунун натыйжасында ишкерлер четке качпай, тескерисинче, ушул жерде калып ачык бизнес жүргүзүүгө кызыгышы керек. Бизде мындай шарт азырынча түзүлө элек".

Ишкер Тилек Токтогазиев бийликтин ишкерлерге, бизнес жаатындагы ишканаларга жасаган соңку учурдагы мамилелери жеке мүлккө коркунуч жаратып жатат деген ойдо.

“Биз жеке мүлккө кол тийбестик маселеси көп чыгып жатат. Экономикага, монополия болбогон тармактардагы баа саясатына да киришип, УКМК коркутуп-үркүтүп эле чечим кабыл алып жатат. Базарлардагы ижара акылар, жакында эле күрөөканаларга да ушундай талаптар коюлуп, чечимдер чыкты. Мындайда мыйзамга таянылган чечимдер чыгышы керек. Азыр УКМК өзү эле чечим кабыл алып коюп жатат. Ишкерлер, инвесторлор так эрежелерге таянып иштегиси келет. Аларга туруктуу саясаттын жүрүшү маанилүү. Азыркы абал белгисиз. Бийликтеги адамдардын маанайына жараша эле чечимдер чыгып жатат”.

Бийликтин ири долбоорлору: темир жол, “Асман”...

Быйыл январда Садыр Жапаровдун бийликке келгенине туура үч жыл толот. Бул мөөнөт президент буга чейинки убадаларынын аткарылышы боюнча отчёт суроого жана натыйжасын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Президент баш болгон бийлик төбөлдөрү бул убакыт аралыгында экономикада жылыш байкалып, 30 жылда болбогондой иштер аткарылып жатканын байма-бай айтып келет. Алардын катарында буга чейин жар салган ири долбоорлор да бар.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев президенттик мөөнөттө үч жыл жыйынтык көрсөтүүгө жетиштүү убакыт экенин белгиледи:

"Кыргызстандын мисалында да, эл аралык практикада да үч жыл стратегиялык пландар ишке ашып, жыйынтыгын эл сезе баштай тургандай убакыт. АКШнын баш мыйзамына ылайык, үч жыл президенттик мөөнөттүн бүтөрүнө бир жыл калган убакыт болот. Кыргызстанда алты жылдык мөөнөт берилген, мында президент Жапаровдун толук кандуу натыйжа көрсөтө ала турган убактысы болду. Биз жыйынтык көрсөтө алган жок деп айтуудан алыспыз. Бирок туруктуу инвестициялык, экономикалык, саясий багыттарда жигердүүлүк, стратегия бар экени байкалбагандай".

Аймактагы дагы бир ири долбоор катары Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун салынышы да 2024-жылы башталганы турат. Кыргыз өкмөтү бул долбоор Кыргызстанды туңгуюктан алып чыгып, деңизге чыгарчу жол табылат деп үмүт артып турат. Экономисттер муну Кыргызстан үчүн чоң базарга чыгуу амалы катары бааласа, саясат талдоочулар, эксперттер темир жолдун салынышы расмий Бишкектин Кремлге көз карандылыгын азайтарын айтып келишет.

Экономикалык, саясий жактан да маанилүү долбоорго 2022-жылы сентябрда Самаркандда кол коюлуп, анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр турат. Бул темир жолдун салынышына тоскоол болуп саясий жактан Орусия менен Казакстандын каршылыгы жана “муну ким каржылайт” деген эки маселе турган. Өкмөт былтыр ноябрда акча булактарын караштырып жатканын айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жогорудагы эки маселе боюнча тең мунаса табылганын өкмөттөн алган маалыматына таянып билдирди.

“Кытай тарап муну толук каржылай турган болгон. Бул 100% чечилген маселе. Акыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эч кайсы тарап бул долбоорду ишке ашырууга каршы негиздерди көтөргөн эмес. Бул темир жолду салууга баарынын макулдугун алышкан”, - деди Маматалиев.

Өкмөт темир жол долбоорунун каржы маселеси боюнча расмий маалымат бере элек.

Бийлик узаган жылы Ысык-Көл облусунда “Асман” шаарынын курулушун баштап, 7-10 жыл ичинде 500-700 миң кишиге ылайыкташкан экологиялык калаа болорун жарыя кылган. Мында шаарды эл аралык инвесторлор салары, мамлекет жерди бөлүп бергени, керектүү инфраструктура менен камсыз кылары айтылган. Бийликтин эң ири долбоору саналган бул шаардын курулушу тууралуу андан бери расмий маалымат бериле элек.

XS
SM
MD
LG