Жапонияда цунами коркунучунан улам калкты эвакуациялоо башталды

Жапониянын улуттук NHK World компаниясы тургундарды шашылыш коопсуз жакка чыгып кетүүгө чакырып жатат. 1-январь, 2024-жыл.

Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда күчү 7,6 баллга жеткен зилзаладан кийин өлкөдө цунами коркунучу жарыяланды.

Исикава префектурасында деңиздин жээгинде жайгашкан Ното районунун тургундарына “токтоосуз коопсуз жактарга чыгып кетүү” эскертүүсү берилди. Бул тууралуу улуттук NHK телеканалы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, аталган райондо толкун беш метр бийиктикке көтөрүлүп жатат. Андан тышкары коңшу Ниигата жана Тояма райондорунда да эскертүү берилди.

Жапониядагы атомдук электрстанцияларды тейлеген ири Kansai Electric ишканасы жабыркаган райондордо жайгашкан объектилерде баары жайында экенин билдирди.

Түштүк Кореянын Метеорологиялык агенттиги эскерткендей, дүйшөмбү кечинде цунами өлкөнүн чыгыш жээгине жетиши мүмкүн.

Зилзаланын кесепеттери Орусиянын Сахалин аймагында да күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, ал жакта дагы деңиз жээгиндеги аймактардын тургундарын эвакуациялоо иштери башталды.

2011-жылдын 11-мартында Жапонияда күчү тогуз балга жеткен жер титирөөдөн кийинки цунами 20 миң кишинин өмүрүн алган. Ошондой эле "Фукусима" атомдук станциясында эң ири авария катталган.

Дагы караңыз

Казакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылдыОдессада орус армиясынын чабуулу киши өмүрүн алды Бишкекте “Ала-Тоо” аянтына жаңы туу илинди