Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Казакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылды


Казакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылуусун окуп жатышат. 31-декабрь, 2023-жыл.
Казакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылуусун окуп жатышат. 31-декабрь, 2023-жыл.

Казакстандын Мангыстау облусундагы West Oil мунай компаниясынын 21 күндөн бери нааразылык акциясын уюштуруп жаткан жумушчулары бийликке кезектеги кайрылуусун жолдоду. Алар Астанага жөнөтүлгөн өкүлдөр менен бийлик жолугууну каалабай жатканын билдиришти.

“Бизде сөз жок. Бизди соттошту, жети кишини иштен алышты, биз тууралуу ар кандай кептерди таратышты. Жамаатыбыздын атынан Астанага өкүлдөрүбүздү жөнөткөнбүз. Анткен менен өкмөт алар менен жолугууну каалаган жок. Алихан Смаилов, сизге кайрылабыз, “Жаңы Казакстан”, бизди уккан мамлекет кана?Депутаттар кайда же алар олигархтардын куурчактарыбы? Биздин талабыбыз - мамлекеттин келечеги. Адилеттүү чечим кабыл алынмайынча, иш таштоону токтотпойбуз”,-дешти мунайчылар.

West Oil компаниясынын жумушчулары иш таштоону 11-декабрда баштаган. Алар ишкананы “КазМунайГаз” компаниясынын курамына киргизүүнү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөөнү жана жумуштагы техниканы жаңылоону талап кылып жатышат.

Казакстандын Энергетика министрлиги жана «КазМунайГаз» компаниясы жетибайлыктардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен. Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG