Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтына жаңы туу илинди


Бишкек. 1-январь, 2024
Бишкек. 1-январь, 2024

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болду.

Жаңы тууну көтөрүү боюнча кандайдыр бир расмий иш-чара өткөрүлгөнү кабарланган эмес.

Буга чейин “Ала-Тоо” аянтындагы флагштоктун ардак короол турган жайы демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланганы маалымдалган.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда туудагы күндүн нурлары жана түндүктөгү чамгарак өзгөртүлгөн.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, анын максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Шакиев ошол маалда желек өзгөрсө, мамлекеттик бюджеттен чыгым болбой турганын, “бул ишти демөөрчүлөр каржылай турганын” билдирген.

Мындай демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, "туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес" деген жүйөнү келтирген.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков жапырт башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

XS
SM
MD
LG