Одессада орус армиясынын чабуулу киши өмүрүн алды

Одессага жасалган орус армиясынын чабуулунун кесепети.

1-январга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага дрондор менен чабуулун улантты. Одессада абадан атып түшүрүлгөн аппараттын сыныктары карапайым тургундардын үйүнө тийген. Бул тууралуу Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер Телеграм-каналы аркылуу билдирди. Анын жазганына караганда, шаардын бир нече бөлүгүндө өрт тутанды. Кеминде тогуз киши жабыркап, бир тургундун өмүрү кыйылды.

Днепрде дагы жардыруулар болгонун жергиликтүү басылмалар жазды. Николаев облустук аскердик администрациянын жетекчиси Виталий Ким Телеграмга дрон менен чабуулдар болгонун жазды.

Ал арада Донецк облусунун Орусия аннексиялап алган аймагынын “жетекчиси” Денис Пушилин украин тарап 1-январга караган түнү артиллериядан аткылаганын билдирди. Анын айтымында, төрт киши набыт болуп, ондон ашууну жараат алды.

Расмий Киев бул боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтына жаңы туу илинди Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде өзгөртүлгөн туу көтөрүлдүПрезидент Жапаров кыргызстандыктар ашкере саясатташканын билдирди