Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде өзгөртүлгөн туу көтөрүлдү


Кыргызстандын ИИМинде көтөрүлгөн туу. 1-январь, 2024-жыл.
Кыргызстандын ИИМинде көтөрүлгөн туу. 1-январь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 1-январда өзгөртүлгөн туу көтөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланды. Маалыматка караганда, тууну көтөрүү аземине министрликтин Генералдар кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садыр Дубанаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана башкалар катышты.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда туудагы күндүн нурлары жана түндүктөгү чамгарак өзгөртүлгөн.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, анын максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Шакиев ошол маалда желек өзгөрсө, мамлекеттик бюджеттен чыгым болбой турганын, “бул ишти демөөрчүлөр каржылай турганын” билдирген.

Мындай демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, "туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес" деген жүйөнү келтирген.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков жапырт башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

XS
SM
MD
LG