Ишенбеков жана Боотаев УКМКнын тергөө абагынан чыкты

Урмат Ишенбеков жана Азрет Боотаев. Солдон оңго карай. Коллаж.

“Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбеков жана “Каганат Resort” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү, “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен тергөө абагынан чыкты. Мындай токтомду Бишкектин Октябрь райондук соту 29-декабрда кабыл алганын “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Экөөнүн тең бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат Урмат Ишенбековду 30-ноябрда кармап, сот аны 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камкка алган. Ага “кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу аракеттерин билип туруп, анын каражатын кыймылсыз мүлккө колдонгон” деген айып тагылган.

УКМК ал эми Азрет Боотаевди 4-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)” беренеси менен кине коюлган. Атайын кызмат ал Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү катары иш алып барганын билдирген.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөндөн кийин чоң-чоң курулуш компанияларынын ээлери камалган.

Алардын ичинде “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов, “Элитхаус” курулуш ишканасынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев, “Авангард Стиль” ишканасынын директору Эрнис Миңкеев, “KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бар.

Эрнис Миңкеев ноябрда туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулса, декабрда Имамидин Ташов үй камагына чыккан. Чолпонбек Акматов болсо 27-декабрда эч жакка чыкпоо тилкаты менен тергөө абагынан бошотулду. Тимур Файзиев камакта жатат. (BTo)

Дагы караңыз

29-декабрь: депутаттын маеги талкууга түштү, Израил Газага чабуулун уланттыАргентина BRICS уюмуна мүчө болуудан баш тарттыТҮРКСОЙ кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин түрк тилинде чыгардыБыйыл кумар оюндарынан бюджетке 89,7 млн сом түштү“Эмарк Групп” компаниясынын жетекчиси тергөө абагынан чыкты"Озоди": Жылдык жыйында Рахмонго 120 жолу, жалпысынан 22 мүнөт кол чабышты