Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Быйыл кумар оюндарынан бюджетке 89,7 млн сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдын январь-ноябрь айларындагы аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Кыргызстандагы казино ишмердүүлүгүнөн бюджетке 86,1 млн сом түшкөн.

Маалымат боюнча, казино ишмердүүлүгүнөн салыктар май айынан, казино ойнотууга алгачкы лицензия берилген кезден тарта түшө баштаган. Май айында 17 млн сом, июнда 7,7 млн сом, июлда 6,7 млн сом, августта 14,8 млн, сентябрда 12,6 млн сом, октябрда 9,9 млн сом, ал эми ноябрь айында 17,2 млн сом мамлекеттик казынага түшкөн.

Мындан тышкары букмекердик мекемелер менен тотализатордук кумарканалардан 3,5 млн сом, оюн автоматтарынан 80 миң сом салык алынган.

Жалпы кумар оюндарынан мамлекеттик бюджетке 89,7 млн сом түшкөн.

Казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат.

Алардын бири – "Гранд казино" президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Ачык бюджет сайтындагы маалыматка ылайык, "Гранд казино" лицензия алуу үчүн өкмөткө 84 млн. сом төлөгөн.

Мындан сырткары "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилгени сентябрда маалым болгон. Март айында каттоодон өткөн "Казино Кристал" да кумар оюндарына лицензия алуу үчүн 84 миллион сом төлөгөн. Аталган казино Бишкектеги "Достук" мейманканасында жайгашканы айтылып келет.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG