Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

"Озоди": Жылдык жыйында Рахмонго 120 жолу, жалпысынан 22 мүнөт кол чабышты


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстанда өлкө президенти Эмомали Рахмондун 28-декабрда парламентке жана өкмөткө жасаган жылдык кайрылуусунда залда отургандардын аны коштоп кол чабуусу жалпысынан дээрлик жарым саатка жеткени талкуу жаратууда. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, 3 саат 10 мүнөттүк сөзүндө Рахмонго 120 жолу, жалпы эсептегенде 22 мүнөт кол чабышты.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары мындай көрүнүштү дүйнөнүн эң жабык жана тоталитардык өлкөсү Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ынга токтобой кол чапкан сыйынуу мамилесине окшоштуруп жатышат.

Журналисттер эсептеп чыккандай, Рахмонго кол чабуунун эң узагы 42 секундга жетип жатты, 20 секунддан ашкан кол чабуулар баарынын отурган жеринен жапырт туруп, президент айтканда гана отурганы менен коштолуп жатты.

Эмомали Рахмон өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүүсү жана экономикалык абал тууралуу айтты.

Бийликти 30 жылдан ашуун убакыттан бери колунан чыгарбай келе жаткан жетекчи оппозицияны жана саясий оппоненттерин куугунтуктаганы, адам укуктарын басмырлаганы үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. 2016-жылы ага улут көсөмү деген наам ыйгарылып, президенттик шайлоого каалаган убакта чексиз катыша берүү укугу берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG