Израил Газа секторунун борбордук жана түштүк бөлүгүнө чабуулун улантты. Бул аймакта он миңдеген палестиналык баш калкалап отурат.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан соңку бир сутка ичинде 200дөй адамдын, ал эми 29-декабрга карата жалпысынан 21 320 адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.
Израил ХАМАСтын (АКШда Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 169 аскери окко учканын билдирүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Израилди Батыш Жээкте, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде “палестин элине карата зомбулукту токтотуу үчүн чукул, так жана натыйжалуу кадамдарды жасоого” чакырды. 28-декабрдагы билдирүүсүндө ал аймакта адам укутары одоно бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарга таянып Израил бийлигин коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугун тыкыр иликтөөгө үндөдү.
«Бүгүн мен Батыш Жээкте адам укуктары боюнча абал тездик менен начарлап баратканы кенен жазылган баяндамамды жарыяладым. Израил жоокерлеринин укук тартибин коргоо максатында аскердик тактиканы, керексиз жана теңдеш эмес күчтөрдү колдонуп жатканы өтө чоң кооптонууну жаратууда”, - деди Волкер Түрк.
Израил армиясынын башчысы Герци Халеви Газа секторунда ХАМАСка каршы согуш «дагы бир нече айга созуларын», алардын үстөмдүгүнө жол берилбей турганын жана алар толук жок кылынмайынча Израилдин коопсуздугуна кепилдик жок экенин 26-декабрда айткан. (RK)
Дагы караңыз
24 жылга кесилген "тулундук маньяк" Украинадагы согушта өлдүБомба тууралуу жалган маалымат берген 16-17 жаштагы балдар кармалдыСербияда шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык уланууда Быйыл кумар оюндарынан бюджетке 89,7 млн сом түштү