Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Катчылык курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт.
Мыктыбек Абдылдаев 15-16-декабрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн экинчи Элдик курултайда улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланып, курултайды алып барган.
70 жаштагы Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. (BTo)
Дагы караңыз
24 жылга кесилген "тулундук маньяк" Украинадагы согушта өлдүТууну, гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталдыРахмон жүздөгөн мигранттардын сөөгү келип жатканын айттыКыргызстандын Орусиядагы элчилиги жети күн иштебейтАКШ менен Орусиянын космонавттары 2025-жылга чейин чогуу учушатЗеленский менен Орбан жолугушатИранда камактагы активист ачкачылык жарыялады