Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Иранда камактагы активист ачкачылык жарыялады


Иранда учурда түрмөдө отурган жарандык активист Зартошт Ахмади Рахеб бийликке каршы акциялардын биринде.
Иранда учурда түрмөдө отурган жарандык активист Зартошт Ахмади Рахеб бийликке каршы акциялардын биринде.

Иранда камактагы жарандык активист Зартошт Ахмади Рахеб жаңы ачкачылык жарыялаганы кабарланды. Муну менен ал бийликтин ага каршы жаңы айыптарды “токуп жатканына” нааразылык билдирүүдө.

Өрт өчүрүү кызматынын мурдагы кызматкер Рахеб 2018-жылы Ирандын Жогорку Руханий лидери Али Хаменинин бийликтен кетишин талап кылып чыккан 14 активисттин бири болгон.

Сот ага каршы “системага каршы пропаганда жүргүзгөн” деген жаңы айып тагып жатканы белгилүү болду. Рахеб буга каршы ачкачылык баштаганын тергөөчүгө кат аркылуу билдиргенин “Азаттыктын” иран кызматына анын жакындары маалымдашты.

Активдүү ишмердүүлүгү үчүн бир нече жолу камалган Рахеб жаңы конституциянын негизинде жаңы саясий система курууга чакырып келген. Ага ылайык, өлкөдө өлүм жазасы жоюлуп, аялдарга тең укуктуулук берилмек.

Ал 2022-жылдын февраль айында “мамлекетке каршы пропаганда жүргүзгөнү үчүн” бир жылга кесилип, анда дагы ачкачылык жарыялаган.

Быйыл февралда жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыгып, мартта мектептердеги балдардын ууланууларына каршы акцияда камалган.

Май айында Рахеб “улуттук коопсуздукка каршы кутум уюштурууга” айыпталып беш жыл сегиз айга кесилген.

XS
SM
MD
LG