Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Тууну, гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды


Кыргызстандын биринси туусу (солдо) жана жаңы желек (оңдо).
Кыргызстандын биринси туусу (солдо) жана жаңы желек (оңдо).

Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазып, 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде кийим-кечелерге мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн коюу алардын баркын түшүрөрү, ушундан улам Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө болбой турган нерселердин тизмесин түзүү керектиги жазылган.

26-декабрда мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Бул документти Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Бул демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG