Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 28-декабрда парламентке жолдогон кайрылуусунда мигранттардын абалына тынчсыздануусун билдирди.
"Мен мигранттардын жашоо-шартын жакшы билем. Миңдеген адамдар миграцияга кетип жатат. Ордуна кайра жүздөгөн табыттар келүүдө. Булар балдарына бир сындырым нан таап келгени барышат. Анткени биз - жогорудан төмөнгө чейинки бардык жетекчилер - өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды гана ойлойбуз", - деди ал.
Эмомали Рахмон парламент депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө жүздөгөн тажикстандыктар чет өлкөлөрдүн жарандыгын алып жатканына да кабатырлыгын айтты.
Быйылкы алты айда эле 87 миңдей тажикстандык Орусиянын жарандыгын алган. Бул былтыркы жарым жылдагы көрсөткүчтөн 13 миңге көп.
Орто эсеп менен күн сайын дээрлик 500 тажикстандык орус жарандыгын алат.
Орус бийлигинин маалыматы боюнча, жылына бир миллионго жакын адам Тажикстандан Орусияга эмгек миграциясына сапар алат.
Соңку жылдары Орусияда мигранттарга кысым күчөдү. Күтүүсүз рейддер, жапырт кармоолор жана депортациялар, орусиялык саясатчылардын, аткаминерлердин мигранттарга каршы билдирүүлөрү көнүмүш көрүнүшкө айланды.
"Озоди" Тажикстан эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери чет өлкөдөгү эмгек ресурстарын коргоонун туура жолун таба албаганын жазды.
Дагы караңыз
"Кийиминен тааныдым". Түркияда кыргыз аялдын сөөгү токойдон табылдыИранда камактагы активист ачкачылык жарыяладыОрусияда “дээрлик жылаңач” кечесине барган атактуулар жапырт кечирим сурашууда28-декабрь: “Кемпирабадчылар” абакта калды, УКМК кармаган базар ээси ооруканада көз жумдуОрусия Кара деңизде күзөттү күчөттү