Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Орусияда “дээрлик жылаңач” кечесине барган атактуулар жапырт кечирим сурашууда


Blogger Nastya Ivleeva poses for a picture during party at Moscow's Mutabor nightclub
Blogger Nastya Ivleeva poses for a picture during party at Moscow's Mutabor nightclub

Орусияда блогер Анастасия Ивлеева 21-декабрда “Мутабор” түнкү клубунда уюштурган “дээрлик жылаңач” деп аталган кечеге барган атактуулар биринин артынан бири жапырт кечирим сурап жатышат. Ал кечеге Филипп Киркоров, Лолита Милявская, Дима Билан жана башка атактуу ырчылар, журналист Ксения Собчак жана бир катар рэперлер барышкан. Жарым-жылаңач барган рэпер Васиону 27-декабрда Москва соту “бейбаштыкка” айыптап 15 суткага камады. Андан тышкары “ЛГБТны пропагандалаган” деген кине менен 200 миң рубль же 2180 АКШ доллары өлчөмүндөгү айып пул салды.

Лефортов райондук соту уюштуруучу Ивлеевага эч кандай айып таккан жок. Бирок кечеде “салттуу эмес сексуалдык алакалар пропаганда болгон”деген бүтүм чыгарды. Бир жыныстуу мамиленин пропагандасы Орусияда кылмыш деп саналат.

Ивлеева мындай кечени уюштурганы үчүн кечирим сурады.

Киркоров, Билан, Милявская менен Собчак дагы өз социалдык баракчалары аркылуу кечирим сурашты. Анткен менен бул жетиштүү болгон жок.

Маалыматтарга караганда, МТС мобилдүү байланыш оператору, “Тинькофф” банкы жана “ВК” социалдык тармагы, ТНТ менен НТВ телеканалдары Ивлеева жана кечеге барган башка атактуулар менен жарнамалык келишимдерин үзүп салышты. Андан тышкары бир катар компаниялар аталган артисттерди жаңы жылдык кечелерге чакыруудан баш тартышты.

Анткен менен атактуулардын кечирим сураган акциялары Интернетте ар кандай талкууларга жем таштады. Айрымдар муну Иосиф Сталиндин доору менен салыштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG