АКШ менен Орусиянын космонавттары 2025-жылга чейин чогуу учушат

NASAнын астронавты Фрэнк Рубио (солдо), "Роскосмостун" космонавттары Сергей Прокопиев жана Дмитрий Петелин космоско учуу алдында. Байкоңур станциясы, Казакстан. 20-сентябрь, 2022-жыл.

"Роскосмос" жана NASA Эл аралык космос станциясына 2025-жылга чейин чогуу учуу келишимин улантууну макулдашты. Бул тууралуу "Немис толкуну" радиосу 28-декабрда Орусиянын космос корпорациясына шилтеме кылып билдирди.

Июлда жана декабрда тараптар америкалык жана орусиялык космос кемелеринде экипаждардын чогуу учуусу тууралуу келишимдерге кошумчаларды киргизген. "Роскосмостун" аткаруучу директору Сергей Крикалёв NASA менен келишимдеги толуктоолор Эл аралык космос станциясына 2025-жылга чейин эки ирет чогуу учууну камсыздай турганын "Интерфакс" агенттигине ноябрда билдирген.

Бул чечим чукул кырдаалдар учурундагы тобокелдиктердин алдын алуу - станция адистердин кароосуз калбашы үчүн кабыл алынганы айтылган.

Өтүп бараткан жылы "Роскосмосом" менен NASA келишимине ылайык, Эл аралык космос станциясына эки ирет чогуу учуу болду.

Сентябрь айында станцияга "Союз МС-24" кемеси менен космонавттар Олег Кононенко, Николай Чуб жана америкалык астронавт Лорал О'Хара учуп барган. Август айында Crew Dragon-7 кемеси менен станцияга орусиялык Константин Борисов учуп барды.

Дагы караңыз

"Кийиминен тааныдым". Түркияда кыргыз аялдын сөөгү токойдон табылдыИранда камактагы активист ачкачылык жарыяладыОрусияда “дээрлик жылаңач” кечесине барган атактуулар жапырт кечирим сурашууда28-декабрь: “Кемпирабадчылар” абакта калды, УКМК кармаган базар ээси ооруканада көз жумду