Израил армиясы Газанын борбордук бөлүгүнө соккуларын күчөттү

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын үстүнө жөөт армиясынын соккусунан кийин көтөрүлгөн түтүн. 25-декабрь, 2023-жыл.

Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү качкындар лагерине сокку урганын Reuters агенттиги жазды. Жыйынтыгында жети кишинин өмүрү кыйылып, бир топ адам жараат алганын медиктер 27-декабрдын кечинде кабарлашты. Израил армиясы анклавдын борбордук бөлүгүнө сокку урганын ырастады.

"Биздин күчтөр Газанын борбордук бөлүгүндөгү бир нече жерде аскердик аракеттерди жүргүзүп жатат. Алардын бири Аль-Бурейжде, качкындар лагери жайгашкан аймакта үч күндөн бери сокку уруп, террорчуларды жана алардын инфратүзүмдөрүн жок кылуудабыз",-деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Дэниел Хагари.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 27-декабрда жөөт армиясынын Хан-Юнистеги Аль-Амаль ооруканасынын жанына урулган аба соккуларынан жыйырмадай палестиндин өмүрү кыйылды. Ал эми жалпысынан 21 миңден көп киши набыт болду. Бул сандарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы анклавдын борбордук бөлүгүнө жана эл жыш жайгашкан лагерлерге жакын жасалып жаткан соккуларга тынчсыздануусун билдирди.

БУУ “гуманитардык апаат тереңдеп баратканын” эскертип, Газанын борборундагы үч лагерди бириктирген бардык жолдор талкаланганын, ал эми ооруканалар менен баш калкалоочу жайларга киши батпай, ресурс жетишпей жатканын кошумчалады.

Израил Газадагы аскердик операциясын ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан кийин баштаган. Анда жоочулар 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алышкан.

Дагы караңыз

Энергетиктер жаңы жылдык майрамда күчөтүлгөн тартипте иштейт“Санариптик көчмөн” макамы эки миңге жакын чет өлкөлүккө берилди27-декабрь: Жамгырчиевдин иши, Асановдун абалы, Крымда 33 моряк дайынсыз