Майыптыгы бар адамдарды баккан, караган адамдарды (жеке көмөкчү) патент түрүндөгү салыктан бошотуу мыйзам долбоору бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңеште 2-3-окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, жеке көмөкчүлөр салыктан Жаңы жылдын 1-январынан тартып бошотулат.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков демилгелеген.
Дайыма бир адамдын кароосуна муктаж, майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдарды баккандар үчүн мамлекет 2019-жылдан тарта маяна төлөй баштаган. Баланын ата-энесине же аны караган жеке көмөкчүгө айына 6268 сом каралган.
2020-жылдын ноябрдан тарта бул айлык үчүн 1220 сомдук салыкты социалдык төлөм катары ата-энелер же ассистент өз алдынча төлөп келет.
Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча майыптыгы бар балдардын саны 35 миңден ашуун. Алардын 6 миңдейи такай кароого муктаж.(ZKo)
Дагы караңыз
УКМК “Айсео” компаниясынын ээлерин кармадыОш: Көңүл сыртында калган конуштарКазакстанда "НеМолчи.kz" фондунун жетекчисине издөө жарыяландыЭл аралык рейтингдер: Кыргызстандын көрсөткүчү кандай өзгөрдү? УКМК Жалал-Абадда теракт жасоого шек саналып эки адам кармалганын билдирди