АКШда Мичигандын Жогорку соту Дональд Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу 27-декабрда CNN кабарлады.
Аталган сот Трампты 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийдеги окуяга байланыштуу шайлоодон четтетүүнү талап кылган шайлоочулардын апелляциялык арызын кароодон баш тартты. Соттун мындай токтому ага талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берет.
Арыз менен кайрылган жарандар Конституциядагы «буга чейин АКШга ант берген жаран козголоңго же көтөрүлүшкө катышкан болсо мамлекеттик кызматты ээлөөгө акысы жок» деген мазмундагы нормасын жүйө келтиришкен.
Баш мыйзамдын ушул эле талабына таянып өткөн аптада Колорадонун Жогорку соту Трамка шайлоого катышууга укук бербей турган чечим чыгарган.
АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трамптын тарапташтары 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан.
2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы төрт кылмыш иши козголгон. Ал өзү булардын бирин да мойнуна алган эмес. (RK)
Дагы караңыз
27-декабрь: Жамгырчиевдин иши, Асановдун абалы, Крымда 33 моряк дайынсызFT: Евробиримдик Украинага Венгриянын макулдугусуз жардам берүү планын даярдоодоБөйрөгүн алмаштырган Жаныбек, донор издеген Анара Абхазия Пицунда эс алуу аймагын Орусияга өткөрүп берүүгө макул болду