Израил ХАМАСка каршы күрөшү далайга уланарын билдирди

Герци Халеви. Архивдик сүрөт.

Израил армиясынын башчысы Герци Халеви Газа секторунда ХАМАСка (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы согуш «дагы бир нече айга созуларын» билдирди. 26-декабрда өткөн брифингде ал ХАМАСтын үстөмдүгүнө жол берилбей турганын айтты:

"Согуш дагы бир далай айга созулат, биз жетишкендиктерибизди узакка сактап калуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонобуз. Террордук уюмду жок кылуунун кыска жолу жок, чечкиндүү жана талыкпас күрөш гана керек".

Соңку суткада израилдик аскерлер Газада жердеги операциясын улантып, качкындар лагерлеринде жайгашкандарды эвакуацияланууга чакырды.

Сектордогу башкы байланыш оператору тейлөөсүн толук токтотконун жарыялады.

Газада гуманитардык кризис курчуган сайын эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу жана согуштук аракеттерди токтотуу чакырыгы күчөп жатат.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 21 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

Дагы караңыз

Жамгырчиевдин иши: комиссиянын жыйыны жабык өтүүдөОрусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылганын билдирдиАбактагы Мелис Аспеков ооруканага которулдуБишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди