Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

Абактагы Мелис Аспеков ооруканага которулду


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканага которулду. Бул маалыматты "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан ырастады. Маалыматка караганда, Аспеков учурда "дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүп жатат". Анын качан ооруканага которулганы айтылган жок.

Мунун алдында Аспековдун жүрөк оорусу күчөп кеткенине байланыштуу ооруканага жатканын, анын кан басымы көтөрүлүп жатканын уулу Фейсбук баракчасына жазган. Ал атасы эки жыл мурда оор операция болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууну суранган.

ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан Аспеков сентябрдын аягында кармалган.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотту аны эки айга камоо чечимин чыгарып, кийин бул мөөнөт 27-январга чейин узартылган.

ИИМ буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Өткөн аптада Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагына мониторинг жүргүзүп, камакта жаткан активисттер Афтандил Жоробеков жана Мелис Аспековдон да кабар алышкан. Тергөө абагынын кызматкерлери Мелис Аспековду 21-декабрда текшерүүдөн өткөрүш үчүн “Бикард” жеке менчик клиникасына жөнөтө турганын кабарлашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG