Залужный Марьинканын түндүгү украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин айтты

Валерий Залужный.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный бүгүн 26-декабрда согуш башталгандан берки алгачкы пресс-конференциясын берип, фронттогу кырдаал жана башка бир катар маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Донецк облусунун соңку күндөрү айыгышкан кармаш жүргөн Марьинка шаары тууралуу айтып жатып ал Орусиянын аталган калаа толугу менен орус тарапка өткөнү жөнүндөгү билдирүүлөрүн четке какты.

Залужныйдын айтымында, шаардын түндүк бөлүгү украин аскерлеринин көзөмөлүндө турат, бирок шаардын өзү эки жылга жакын убакыттан берки кармашта тыптыйпыл болуп, дээрлик жок кылынды.

«Калктуу пункт катары эми ал жок», — деген Залужный украин аскерлери ар бир карыш жерин коргой турганын, бирок, эгер адамдардын өмүрүн сактап калыш керек болсо, ошондой чечим кабыл алынарын белгиледи.

Ошону менен катар ал Украинада аскердик комиссариаттардын иши канааттандырарлык эмес деп эсептей турганын айтты.

"Азыркы тапта алардын иши мени канааттандырат деп айта албайм", - деди жетекчи.

Бир нече күн мурда украин парламенти аскерге чакыруу курагын азыркыдай 27 жаштан эмес, 25 жаштан баштап деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун талкууга койгон. Сунуш азыр социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат.

Өткөн аптада өлкө президенти Владимир Зеленский аскер тармагына жооптуулар армияга кошумча 400-500 миң адамды мобилизациялоону сунуштап жатышканын, бирок чечим кабыл алына электигин айткан.

25-декабрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкө президенти Владимир Путин менен жолугушууда Марьинка толук алынганын маалымдаган.

Аскердик талдоочулардын айтымында, бул шаар согуш талаасында стратегиялык мааниге ээ, себеби ал аркылуу башка аймактарга оңоюраак жол ачылат. (RK)

Дагы караңыз

Түркмөнстандын айрым аймактарында балаты майрамына тыюу салынды26-декабрь: Карыз 6 млрд доллардан ашты, туу мыйзамы күчүнө кирди, Израилдин шартыАтазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыктыПедофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды