Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Түркмөнстандын айрым аймактарында балаты майрамына тыюу салынды


Ашхабад шаары.
Ашхабад шаары.

Түркмөнстанда Жаңы жылды утурлаган күндөр айрым аймактарда балдардын балаты майрамына тыюу салган окуялар менен коштолууда. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы 26-декабрда маалымдагандай, Мары жана Лебап аймактарында балдардын да, ата-энелердин да чогулуп, майрамдык чай уюштуруусуна тыюу салынды.

Орнотулган балатылардын көбүн алып коюшту. Бийлик муну өрт коопсуздугу менен түшүндүрүүдө. Жаңы жылдык жасалга шаарлардын борбордук бөлүктөрүндө гана калтырылды.

Марынын тургуну айтып бергендей, былтыр дээрлик ар бир дүкөндүн жанында кооздолгон балаты турган. Шаардын борбордук аянтындагы Ак боз үйдүн жанындагы балаты 27-декабрдан тартып катардагы эс алуучулар үчүн жабык болот, ал жерде мамлекеттик телеканалдын жаңы жылдык майрамык программалары тартылат.

Адатта Түркмөнстанда жаңы жылдык жасалгага акчаны элден чогултушат.

Ал эми борбор калаа Ашхабадда «Алем» маданий-оюн зоок борборуна орнотулган балатынын бийиктиги быйыл былтыркыдан бир сантиметрге ашып, 44 метрди түздү. Ал Борбор Азиядагы быйылкы эң бийик балаты болуп калды.

Бишкекте быйыл башкы балатынын бийиктиги 32 метр, Астанада 25 метр, Дүйшөмбүдө 30 метр, Ташкентте 35 метр болду. (RK)

XS
SM
MD
LG