Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

26-декабрь: Карыз 6 млрд доллардан ашты, туу мыйзамы күчүнө кирди, Израилдин шарты


Президент Садыр Жапаров. Сол жакта Кыргызстандын биринчи туусу, оң жакта жаңы желек. Коллаж.
Президент Садыр Жапаров. Сол жакта Кыргызстандын биринчи туусу, оң жакта жаңы желек. Коллаж.

26-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Тууну өзгөртүү мыйзамы күчүнө кирди

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө документ күчүнө кирип, мыйзам 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Ага ылайык, туңгуч желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин баары алардын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Мөөнөтү көрсөтүлбөгөндөрдү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алат. Туу маселеси кыргыз коомунда дагы деле талкууланып жатат.

Атазовдун тарапташы делген эки адамга өкүм чыкты

Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо компаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарды. Райондук сот 21-декабрда эки кишини (К.А.О. жана М. У.А.) Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, экөөнө тең 100 миң сомдон айып пул салган. Ушул эле берене менен айыпталган дагы бир шектүүнүн (Ж.К.К.) иши Свердлов райондук сотунда 15-январда каралат. Депутат буга чейин шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын билдирген.

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Кыргызстандын карызы 6 млрд доллардан ашты

2023-жылдын 30-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Бул 535 миллиард 972,58 миллион сом. Финансы министрлигинин маалыматында айтылгандай, мунун ичинен 4 млрд 482,43 млн доллары (400 миллиард 370,38 миллион сом) - тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) - ички карыз. Октябрь айынын жыйынтыгында мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 57,82% түздү.

Педофилдерди өмүр бою абакка кесүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев педофилияга айыпталгандарды өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана аларга мунапыс да берилбешин талап кылган мыйзам долбоорун жазды. Парламенттин тармактык комитети документти биринчи окууда кабыл алып, жалпы сессияга жиберди. Азыр Кылмыш-жаза кодексинде педофилдерди 15 жылга эркиндигинен ажыратуу каралган.

Израилдин премьер-министри Газадагы согушту токтото турган үч шартты атады

Израил армиясынын Газадагы аскердик аракеттери токтошү үчүн үч негизги талап аткарылышы керек экенин өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.

The Wall Street Journal басылмасы жазгандай, Нетаньяху ал талаптар «ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобунун жок болушу, аймактын демилитаризацияланышы, палестиналык коомдун дерадикалдашуусу» экенин атады.

Орусия Кара деңиздеги "Новочеркасск" кемеси чабуулга кабылганын ырастады

Украинанын Аскердик аба күчтөрү Орусия оккупациялап алган Крым жарым аралындагы ири аскердик деңиз флотуна чабуул жасап, жээкте токтоп турган орусиялык десанттык кемени жок кылганын бүгүн 26-декабрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, таңга жуук Украинанын тактикалык авиация бөлүктөрү Кара деңиздеги Феодосия портун канаттуу ракеталар менен аткылады.

Орусиянын расмий органдары портто бир нече жарылуу болгонун ырастады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги «Новочеркасск» десанттык кемеси жабыркаганын гана билдирди, андан башка маалымат айтылган жок.

XS
SM
MD
LG