Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Ч. Т. Ж. ишкерден 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Кылмыш кодексинин 208-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-декабрда Бишкек шаарында 1 млн сом акча алып жаткан жеринен кармалды.
Маалыматка ылайык, декабрь айынын башында Ч.Т.Ж. коркутуп-үркүтүү менен, Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн тендерден утуп алган ишкерден 4 миллион 200 миң сом талап кылган. Бул сумма тендердин жалпы 67 млн сом өлчөмүндөгү суммасынын 6 пайызы.
"Болбосо ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убада кылган", деп билдирди Коопсуздук кызматы.
Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды. (ZKo)
Дагы караңыз
Навальный арктикалык аймактагы абакта экенин ырастадыЕвробиримдик Сербияны тынчтыкка жана диалогго чакырдыЖалал-Абадда сасык тумоо күч алдыМайыптык фактысын аныктоонун санариптик формасы түзүлдү Пашинян ЕАЭБди саясий дымактан коргоого чакырды