Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) экономикалык кызматташтык маселеси бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн кайсы бир саясий дымагынан жогору турушу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 25-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБ жыйынында билдирди.
1-январдан тартып бул уюмдагы кезектеги төрагалыкты өзүнө алып жаткан Армениянын өкмөт башчысы ЕАЭБ тууралуу келишимде ал саясий дагы, геосаясий дагы өңүткө ээ болбой турган экономикалык бирикме деп жазылганын, ошондуктан евразиялык интеграцияны саясатташтыруу аракеттеринин баарын токтотуп, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
«ЕАЭБ жана анын экономикалык принциптери саясий амбициялар менен коштолбошу керек. Соода алакасы жана интеграция боюнча фундаменталдык эркиндиктер саясий себептерден улам чектеле албайт, андай болбошу керек, себеби андай жол бирикменин негизги принциптеринин талкаланышына алып келет", - деди Пашинян.
Адатта бекем болуп келген армян-орус мамилеси соңку жылдары бир катар жагдайлардан улам салкындаган. Арменияда орус бийлигине карата этникалык армяндар отурукташкан, Азербайжан өзүнө кайтарып алган Тоолуу Карабак маселесинде «колдоо көрсөткөн жок» деген доомат айтылган.
Санкт-Петербург саммитине президент Садыр Жапаров баштаган кыргыз делегациясы да катышты. Жыйын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.
ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.
Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.
Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрү товарын Казакстандын, Орусиянын чек арасынан алып өтө албай чыгымга учураган окуялар буга чейин да катталып келген. Кээ бир талдоочулар ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын тассирин күчөтүүчү саясий бирикме экенин айтып келишет. (RK)