Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Майыптык фактысын аныктоонун санариптик формасы түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Медициналык социалдык экспертиза комиссияларына (МСЭК) электрондук жолдомолорду түзүү жана жөнөтүү процесстери санариптештирилип, кайра иштелип чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, санариптик чечим бейтаптын активдүү катышуусун талап кылбай эле, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматка ылайык, быйылкы биринчи жарым жылдыкта мекемелер аралык кызматташуунун алкагында Бишкек шаарында 450 адамдын документтери боюнча корутундулар ийгиликтүү түзүлүп, кабыл алынган.

Санариптик чечим 2024-жылы жалпы өлкөдө жайылтылат. Бул өлкөнүн бардык жарандары үчүн медициналык-социалдык экспертиза жараянын жеңилдетет жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Майыптыкты аныктоону санариптештирүү өкмөттүн акселераторлор программасынын алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 27 медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы бар. Алар аркылуу жылына 50 миңдей адам текшерүүдөн өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алардын ичинен 35 миңден ашууну 18 жашка толо элек. Алар менен 244 кызматкер иштешет.

Буга чейин жарандын майыптыгын аныктоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилип, жеңилдиктер каралган. Анда майыптыгы ооруканага жаткырылбай эле аныкталуучу оорулардын тизмеси толукталган. Аларга дүлөй, дудук жана ар кандай даражадагы акыл-эси өрчүбөй калышы сыяктуу оорулар кирет.

Буга чейин иштеп келген жобонун ашкере катаал талаптары жана майыптыкты аныктоо комиссияларынын мыйзамсыз аракеттери коомчулук сынына кабылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG