Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30% чейин жетерин билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 26-декабрдагы жыйынында депутат Алишер Эрбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Депутат өлкөдө ар кайсы мамлекеттик мекемелердин көмүскө экономиканын үлүшү боюнча статистикасы ар башка экенин билдирди.
“Экономика министрлигинин баяндамасында 70%, Акылбек Үсөнбекович 35-40% дейт. Улуттук статистика комитети 27% деп жатат”, - деди Алишер Эрбаев.
Былтыр Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүгө багытталганы айтылган.
Буга чейинки ар кандай изилдөөлөрдө Кыргызстанда көмүскө экономика 40-50% түзөрү айтылып келген.
Мамлекеттик органдарга ишмердиги тууралуу маалыматы түшпөгөн товарларды алып-сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр көмүскө экономика деп аталат. (BTo)
Дагы караңыз
Орусия Кара деңиздеги "Новочеркасск" кемеси чабуулга кабылганын ырастадыБаткенде жол кырсыгында казакстандык блогер жабыркадыЖаңы жылдык майрамдагы эс алуу бир жумага созулатЖалал-Абадда окуучу бычакталган окуя иликтенип жатат Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыктыЖалал-Абадда сасык тумоого каршы берилген вакцина жетпейтАба ырайы: 27-декабрда жаан, кар жаайтКазакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы төрт жылга кесилди