25-декабрь күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын 14 жашар тургуну Х. Г. сол бутуна бычак жеп, облустук балдар клиникасына кайрылганын аталган бейтапканадан шаардык милицияга кабарлашкан.
Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалымдашынча Х. Г. шаардагы №8 орто мектептин короосунда Н. аттуу бала сол бутуна учтуу нерсе менен сайганын айткан. Маалыматка ылайык, жабырланган бала ооруканадан тез жардам алгандан кийин эле үйүнө кеткен. Ата-энеси кошуналары менен өз ара келишип алышарын айтып, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБнин электрондук реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы, өлүм менен аяктаган окуялар буга чейин да катталган.
Быйыл мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 9-класстын окуучулары мушташып, 15 жаштагы улан каза тапкан. Окуяга тиешеси бар деген негиз менен 10-класстын төрт окуучусу кармалган.(TB/ZKo)
Дагы караңыз
Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыктыАба ырайы: 27-декабрда жаан, кар жаайтАсел Ногойбаева: “20дай арыз жазылып, мени эч ким уккан эмес”Чек ара: Ак-Сайдын жанданган жашоосуКазакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы төрт жылга кесилди Баткенде жол кырсыгында казакстандык блогер жабыркады