Өзгөндүн мурдагы мэри Моңолдоров тилкат менен эркиндикке чыкты

Дамир Моңолдоров. УКМК тараткан сүрөт.

Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, жашаган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен эркиндикке чыкты. Мындай токтомду Ош облустук соту 22-декабрда чыгарганын соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айыпталуучу Дамир Моңолдоров күнөөсүн мойнуна алып, тергөө органдары менен макулдашууга жетишкендиги айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Дамир Моңолдоровду 15-ноябрда кармап, ага “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси менен айып таккан. Мындан тышкары “кримчөйрөнүн анабашы” атыккан маркум Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишине катышкан, топтун мүчөлөрүнүн жардамы менен аны сындаган активисттерди коркуткан деп шек саналып жатканын маалымдаган.

Дамир Моңолдоров бул убакка чейин “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Кылмыш иши козголгондон кийин Өзгөн шаарынын мэри кызматынан алынып, ордуна Залкар Каримов дайындалды. (BTo)

Дагы караңыз

Токтогул суу сактагычында 10,589 млрд куб метр суу барЖогорку Кеңештин комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигине макулдугун бердиБелградда бийликке нааразы студенттер көчөлөрдү жети саат бөгөп туруштуБиринчи Май району Бишкек мэриясынын түз башкаруусуна өттүГаза секторунун жарандарын колдоо эсебине 300 миң сом чогулдуСадыр Жапаров ЕАЭБдеги өткөрүү пункттарын санариптештирүүнү сунуштады Жаңы жылдык майрам күндөрү Бишкекте бир нече көчөдөгү кыймылга чектөө киргизилет