Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Биринчи Май району Бишкек мэриясынын түз башкаруусуна өттү


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкектин Биринчи Май району Бишкек мэриясынын түз башкаруусуна өтүп, Улан Сарылбек уулу райондун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Биринчи Май районунун акими Мурат Осмоновду, анын орун басары Чыңгыз Байсовду жана Бишкектин №14 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Азат Төлөкуловду кызматтан алган.

Буга райондо жаңы жылдык майрамга даярдоо иштери начар уюштурулганы жана интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу боюнча иштер жетишсиз жүргүзүлгөнү негиз болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-декабрда интимдик кызмат көрсөткөн жайларга бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Бишкектин Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын №8 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси жана ушул эле райондун акими кызматтан алынганын айткан.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG