Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Садыр Жапаров ЕАЭБдеги өткөрүү пункттарын санариптештирүүнү сунуштады


Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында. Санкт-Петербург. 25-декабрь, 2023-жыл
Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында. Санкт-Петербург. 25-декабрь, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-декабрда Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ичинде өз ара сооданын алкагында товарлардын эркин жүрүү принцибин жүзөгө ашыруучу механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгы турганын айтты:

"Көзөмөлдөөчү органдар бизнестин эң баалуу ресурсу убакыт экендигин так түшүнүшү керек. Ушуга байланыштуу, биз негиз болуучу документтердин деңгээлинде бардык ченемдик боштуктарды жана Биримдиктин укугунда каралбаган көзөмөлдүн жашыруун түрлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышыбыз керек. ЕАЭБде навигациялык пломбалар менен жүрүүчү Биримдиктин товарларына карата тыкыр кароо иш-чараларын жүргүзүүгө жол бербөө жөнүндө ченемдерди бекитишибиз керек, башкача айтканда, тыкыр кароо иш-чараларын товарлар жеткирилген жерде гана жүргүзүшүбүз керек", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти айрым өткөрүү пункттарынын азыркы инфраструктурасы жүк ташуулардын көбөйгөн көлөмүн иштеп чыгууга мүмкүндүк бербесин белгилеп, бул чек арада көзөмөл иш-чаралардын убактысы узарып кетишине алып келерин айта кетти.

Садыр Жапаров Биримдиктин ичинде транспорттук инфраструктураны жана логистиканы биргелешип өнүктүрүүнү сунуштап, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштерди буга мисал келтирди.

"Атап айтканда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы ички өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу маселесин карап чыгууну сунуш кылам. Бул багытта Кыргыз Республикасында салык жана бажы органдарынын ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу максатында фискалдык жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бир катар реформалар жүргүзүлдү.

Онлайн режиминде иштеген контролдук-кассалык аппараттар, электрондук эсеп-фактуралар жана электрондук түрдөгү товардык-транспорттук коштомо кагаздар киргизилди. Мамлекеттик реестрлерде жана маалымат базаларында топтолгон чоң маалыматтарды иштеп чыга башталды. Ошону менен бирге, мүчө мамлекеттерде санариптештирүүнүн ар кандай деңгээлине байланыштуу электрондук товардык-коштоочу документтердин бирдиктүү форматтарына жана түзүмдөрүнө өтүү маселеси актуалдуу бойдон калууда", - деди Жапаров.

Кыргызстандын мамлекет башчысы "ЕАЭБ санариптик күн тартибин" ишке ашыруунун алкагында интеграцияланган маалыматтык системанын ишин камсыз кылуу жана электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен жалпы процесстерди ишке киргизүү зарылдыгын да айтты.

Кыргызстандын президенти Садып Жапаров Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумуна катышты. Жыйында 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG