Жогорку Кеңештин комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигине макулдугун берди

Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңешти мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети 26-декабрда Бакыт Төрөбаевдин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-декабрда кол койгон.

Жарлыкта Төрөбаевдин талапкерлиги "Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилгени" белгиленет.

Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын мартынан бери Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келет.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлдү. Министрликти буга чейин жетектеп келген Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. (ZKo)

Дагы караңыз

Биринчи Май району Бишкек мэриясынын түз башкаруусуна өттүГаза секторунун жарандарын колдоо эсебине 300 миң сом чогулдуСадыр Жапаров ЕАЭБдеги өткөрүү пункттарын санариптештирүүнү сунуштады Жаңы жылдык майрам күндөрү Бишкекте бир нече көчөдөгү кыймылга чектөө киргизилет