Газа секторунун жарандарын колдоо эсебине 300 миң сом чогулду

Газа тилкеси.

Кыргызстандын Финансы министрлигинде Газа секторунун жарандарына жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 303 миң сом чогулду.

Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Министрлик каражат котором деген адамдар менен юридикалык жактарга эсепти 18-декабрда ачкан.

7-октябрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун жоочулары Израилдин шаар-конуштарына кол салганда, 1200 киши набыт болуп, 240 киши барымтага алынган. Эл аралык ортомчулардын көмөгү менен ХАМАС барымтадан 105 туткунду, ал эми Израил түрмөлөрүнөн 210 палестиналыкты бошоткон.

Согуш башталганы толук курчоодо калган анклавда Израилдин соккуларынан 20 миңдей киши набыт болгонун Газанын бийлиги билдирүүдө. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Газа тилкесинде гуманитардык кырдаал курч, жардам жүктөлгөн машинелер орто жолдон таланып-тонолуп кеткен учурлар да катталууда.

Буга чейин Бишкекте Газа секторундагыларды колдоо боюнча акциялар өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан аштыДүйнөлүк банк Украинанын чыгашалары үчүн акча берди Кыргыз-тажик чек арасынын эки тарабындагы машиналар бошотулдуСирияда Израилдин соккусунан Ирандын "Кудс" атайын бөлүгүнүн улук кеңешчиси каза тапты Украина 25-декабрда Рождествону белгиледи, аскерлер орус истребителдерин атып түшүрдү