Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:26

Сирияда Израилдин соккусунан Ирандын "Кудс" атайын бөлүгүнүн улук кеңешчиси каза тапты


Сейед Рази Мусави (солдо) Касем Сулеймани менен (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Сейед Рази Мусави (солдо) Касем Сулеймани менен (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусунун аскердик канаты - "Кудс" тандалма бөлүгүнүн улук кеңешчиси Сейед Рази Мусави Сириянын баш калаасы Дамаскка чукул жерде Израилдин аба соккусунда өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Reuters агенттиги өз булактарына таянып, ал Сирияда "Кудстын" ишмердигин жана логистикасын координациялоого жооптуу болгонун" кабарлады. Революция сакчыларынын корпусуна жакын Tasnim маалымат агенттиги Мусави "Кудстын" Сириядагы узактан берки кеңешчилеринин бири жана Касем Сулейманинин «санаалашы» экенин жазды.

"Кудс" бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG