Президенттик администрацияда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Санжар Мукамбетов.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы - Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Сагынбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 25-декабрда кол койду.

Канат Сагынбаев бул кызматка эки ай мурун, октябрдын аягында дайындалган.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен анын ордуна экс-министр Санжар Муканбетов дайындалды.

Дагы караңыз

Алматыда жол тоскондор жоопко тартылдыГаза: Израилдин соккусунан 70тей киши набыт болдуАйыл чарба министрлиги кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев министр болуп дайындалды Украинада абадан жапырт эскертүү жаңырдыБаткенде көшөгө фестивалы өтүп жатат