Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:56

Айыл чарба министрлиги кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев министр болуп дайындалды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-декабрда кол койду. Жарлыкта Төрөбаевдин талапкерлиги "Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилгени" белгиленет.

Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келе жатат.

Президент 25-декабрдагы жарлыгына ылайык, башка ишке өткөнүнө байланыштуу мурдагы министр Аскарбек Жаныбековду кызматтан бошотту. Ошондой эле Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлдү.

Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин түзүмүнө башка да өзгөртүү киргизди. Жарлыктын негизинде мамлекет башчынын токтому менен Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын базасында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Агенттиктин карамагына кызматкерлер, бюджети, материалдык-техникалык базасы, тиешелүү филиалдары, функциялары да өткөрүлөт.

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына берилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG