Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Алматыда жол тоскондор жоопко тартылды


Алматынын River Park турак-жай комплексинин көчөгө чыккан тургундары, 23-декабрь, 2023-жыл.
Алматынын River Park турак-жай комплексинин көчөгө чыккан тургундары, 23-декабрь, 2023-жыл.

Алматы калаасында турак-жай комплексинде жылуулук жоктугунан көчөнү бөгөп салган тургундарды жоопко тартылды.

Алматынын административдик полициясынын өкүлү Кайсар Султанбаев төрт жаранга «полициянын буйругуна баш ийбегени үчүн» административдик протокол түзүлгөнүн, дагы тогуз киши жолдогу транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратканы үчүн жоопко тартылганын билдирди.

23-декабрда Алматынын River Park турак-жай комплексинин тургундары батирлерде жылуулук жоктугунан улам шаардагы Макатаев көчөсүн бөгөшкөн.

Тургундар курулушту жүргүзгөн компания турак жай комплексиндеги эки блок үчүн гана жылуулук пунктун койгонун, бирок ага үчүнчү жана төртүнчү блокту да кошуп салганын, андыктан батирлерге жылуулук жетпей калганын айтышкан.

Кыш түшкөнү Казакстандын бир катар региондорунда тургундар жылуулук жетпей жатканына даттанып, нааразылыкка чыгышты. Айрым шаарларда жылуулук борборлору иштен чыгып, инфраструктуранын эскилиги жеткени маалым болду.

XS
SM
MD
LG