Жалал-Абадда сасык тумоого каршы берилген вакцина жетпейт

Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасы.

Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов облуста кызамык менен кайрылгандар өткөн апталарга салыштырмалуу азайганын билдирди. Бирок сасык тумоого каршы эмдөө үчүн бөлүнгөн вакцина болгону калктын 10% гана жеткенин айтты.

“Абал турукташканы менен, сасык тумоо көбөйө баштады. Ал эми кызамыкка каршы жапырт эмдөөлөр жүрүп жатат. Облустагы 1 миллиондон ашуун адам үчүн болгону сасык тумоого каршы 17 миң доза вакцина берилген. Бул калктын 10% эле жетет. Жок дегенде бизге 150 миң доза берсе болмок. Эл эмдөөгө каршы чыгып жатканы да оорунун күчөшүнө себеп болууда”, - деди Ураимов.

Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасында сасык тумоо менен кайрылгандар көбөйүп, ооруканага батпай жатканы айтылды. Балдар клиникасына күнүгө сасык тумоо же башка оорулар менен кайрылгандардын саны 100гө чыгып, балдар жаткан бөлүмү карантинге алынган.

20-декабрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, соңку бир аптада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 11 миң 575 кишиге жеткен. Бирок дарыгерлер сасык тумоого байланыштуу быйылкы корсөткүч былтыркыдан төрт эсе аз экенин билдиришүүдө. (TB)

Дагы караңыз

Айыл чарба министрлиги кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев министр болуп дайындалды Украинада абадан жапырт эскертүү жаңырдыБаткенде көшөгө фестивалы өтүп жататКыргызстанда банктардын бири 19 млн сом айыпка жыгылдыТашиев: Эми базарларда контейнерлердин ээлери ижараны арзандатышы керек